> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылына 127 млн сомго мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/22/zhalal-abaddyn-kyzyl-zhar-aiylyna-127-mln-somgho-miektiep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-01-22T06:01:42.000Z
- Updated: 2026-01-22T06:01:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Сузак районунун Кызыл-Жар айылында 375 орундуу мектеп салынып жатат. Курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, долбоордун наркы 127 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Башкы план боюнча мектепте заманбап үлгүдөгү окуу класстар, спорт залы, компьютердик класс, китепкана, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн атайын эмгек класстары каралган. 

> Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 2297 чарчы метр. Мектеп пайдаланууга берилисе 750 окуучунун заманбап шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мектеп 2022-жылдын декабрь айында курулуп башталган, учурда 90%дык жумуш аткарылды.