> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манаста 721 миң сомдук  мыйзамсыз тамеки продукциясы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/23/manasta-721-min-somduk-myizamsyz-tamieki-produktsiiasy-anyktaldy/
- Published: 2026-01-23T11:07:59.000Z
- Updated: 2026-01-23T11:07:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө Манас шаарында тамеки продукцияларын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныкташты.**

> Маалыматка ылайык, шаардын борбордук базарынын аймагындагы жашыруун жайлардын биринен 6 миң 12 куту тамеки продукциясы табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча алардын жалпы наркы 721 миң 440 сомду түзөт.

Аталган тамекилерде тийиштүү коштомо документтер жана акциздик маркалар болгон эмес.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык алгачкы процессуалдык документтер жеринде таризделди. Учурда материалдар укуктук баа берүү жана тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүүгө даярдалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1.jpg.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/5.jpg.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3--2-.jpg.jpeg)