> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/24/ton-raionunda-112-mln-somduk-zhier-tilkielieri-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-01-24T05:00:29.000Z
- Updated: 2026-01-24T05:00:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

> Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн жер тилкелер толугу менен мамлекетке кайтарылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/1-11.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-6.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/5-1.jpg)