> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районундагы сугат объектилерин текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/25/bakyt-torobaiev-ysyk-ata-raionundaghy-sughat-obiektilierin-tiekshierdi/
- Published: 2026-01-25T05:29:41.000Z
- Updated: 2026-01-25T05:29:41.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунда жайгашкан Восточный Чоң Чүй каналына, Р-24 сугаруу каналына жана Туз бассейнине барды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.**

Министр объектилердин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Восточный Чоң Чүй каналынын узундугу 97 км болуп, 41,5 миң гектар сугат жерди суу менен камсыздайт. Канал 1957-жылы пайдаланууга берилген.

> Р-24 каналы Жайылма айыл өкмөтүндө жайгашкан. Анын 1 350 метри бетондолгон, 5 075 метри жер канал. Канал аркылуу 1 100 гектар сугат жер суу менен камсыздалат. 2025-жылы 1 480 метр (5 415 м²) тилкеге бетон төшөлгөн. 2026-жылы 1 280 метр (4 655 м²) тилкеде бетон төшөө пландалууда.

Туз бассейни декаддык сууну жөнгө салуу үчүн курулуп, 1987-жылы ишке берилген. Капиталдык оңдоодон кийин анын сыйымдуулугу 1,8 млн м³дү түзөт. Бассейнден Жайылма айыл аймагындагы Туз кыштагына (1 300 га) жана Кант шаары менен Люксембург кыштагына (1 100 га) кошумча суу берилет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-10.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-9.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-8.jpg)