> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин жаңы кошулган аймактарын өнүктүрүүгө 9 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/25/bishkiektin-zhany-koshulghan-aimaktaryn-onukturuugho-9-mlrd-som-bolunot/
- Published: 2026-01-25T05:53:06.000Z
- Updated: 2026-01-25T05:53:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарына жакында кошулган аймактарды өнүктүрүүгө жалпысынан 9 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жаңы аймактарынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.**

Анын айтымында, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан.

> Мэр белгилегендей, аталган программанын алкагында жалпы каржылоонун көлөмү болжол менен 9 млрд сомду түзөт. Учурда бул багыттагы иштер башталып, 2026-жылы 2,5–3 млрд сомго жакын каражат тартылган.