> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы (U-20) дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/25/kyrghyzstandyn-khokkiei-boiuncha-zhashtar-kuramasy-u-20-duino-chiempionatynyn-zhienuuchusu-boldu/
- Published: 2026-01-25T03:18:29.000Z
- Updated: 2026-01-25T03:18:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.**

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдагандай, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү жана жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин **барында тең жеңишке жетишти.**

Кыргызстандын курама командасы Гонконгду - 4:1, Түштүк Африка Республикасын - 7:2, Иранды - 15:1, Люксембургду - 5:3 жана Мексиканы - 7:4 эсебинде утту.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн **болгон 15 упайдын барын топтоп**, турнирдик таблицанын биринчи сабын ээлеп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.

Алтын медалдарды багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезонунда **дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/7d4ce4bd-b089-43fd-b44d-5a26d020af76-2.jpg)