> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "АгроДиалог-2026": Кыргызстанда айыл чарбанын чемпиондору аныкталат
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/26/aghrodialogh-2026-kyrghyzstanda-aiyl-charbanyn-chiempiondoru-anyktalat/
- Published: 2026-01-26T11:15:28.000Z
- Updated: 2026-01-26T11:15:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**18-19-20-21-февраль күндөрү Кыргызстанда агроөнөр жай тармагы үчүн маанилүү болгон "АгроДиалог-2026" агроөнөр жай форуму өтөт. Иш-чаранын алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы аныкталып, 20 өсүмдүк өстүрүү жана 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпионтандалат.**

Форумга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн агрардык тармактын алдыңкы эксперттери, ошондой эле тажрыйбалуу дыйкан-фермерлер катышат. Алар айыл чарбасында ийгиликке жетүүнүн жолдору, заманбап ыкмалар жана практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

> Иш-чаранын негизги бөлүгү 18-19-20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми форумдун жыйынтыктоочу салтанаты 21-февраль күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда уюштурулат.

Форумдун алкагында ар бир багыт боюнча чемпион аталган мыкты дыйкан-фермерлер кызыл килемден өтүп, салтанаттуу түрдө сыйланышат. Ошондой эле иш-чара агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү табууга, бизнес байланыштарды кеңейтүүгө, продукцияны өнүктүрүүгө жана экспортко чыгарууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

**Форумдун күн тартиби:**

- 18-февраль — өсүмдүк өстүрүү;
- 19-февраль — мал чарбачылыгы;
- 20-февраль — кайра иштетүү жана экспорт;
- 21-февраль — жыйынтыктоочу салтанат.