> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр пенсиялык фонддун каражаттары 6,7 млрд сом киреше алып келген
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/26/byltyr-piensiialyk-fonddun-karazhattary-6-7-mlrd-som-kirieshie-alyp-kielghien/
- Published: 2026-01-26T05:51:31.000Z
- Updated: 2026-01-26T05:51:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Социалдык фонд 2025-жылдын январь–декабрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарын активдүү инвестициялап, олуттуу кирешелерге жетишти. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде МТПФнын каражаттарынан 22 797,6 млн сом инвестицияланды. Анын ичинде:

> 11 885,4 млн сом мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылып, жылдык кирешелүүлүк 12,86–16,0%түздү;

> 5 925,0 млн сом коммерциялык банктардын 12 жана 18 айлык депозиттерине салынды, кирешелүүлүгү 12,1–16,5% болду;

> 4 987,2 млн сом Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин акцияларына инвестицияланды.

Ошондой эле мурда инвестицияланган каражаттардан төмөнкү кирешелер алынган:

- мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча — 5 755,8 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык киреше — 940,5 млн сом;
- эсептердеги акча каражаттарынын калдыктарынан — 37,5 млн сом;
- башка кирешелер — 0,4 млн сом.

> Жыйынтыгында, 2025-жылдын январь–декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон жалпы 6 734,2 млн сом киреше алынган.