> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто стадиондун жанындагы 27 сотых жер мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/26/oshto-stadiondun-zhanyndaghy-27-sotykh-zhier-myizamsyz-kurulushtardan-tazalanuuda/
- Published: 2026-01-26T12:28:02.000Z
- Updated: 2026-01-26T12:28:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, борбордук стадиондун чыгыш тарабында жайгашкан 27 сотых жер тилкесиндеги мыйзамсыз курулуштарды бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.** 

Текшерүү учурунда аталган жер тилкеси Президенттин 1995-жылдагы социалдык инфраструктура объекттерин сатууга тыюу салган жарлыгы бузулуп, мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган. Анын негизинде объект УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылып, Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген.

> Белгилей кетсек, шаар мэринин демилгеси менен мурда жеке колдорго өтүп кеткен жер тилкелерин жана социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-38.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/3-26.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/4-18.jpeg)