> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу тергөөчүлөр пара талап кылгандыгы үчүн кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/26/oshtoghu-tierghoochulor-para-talap-kylghandyghy-uchun-karmaldy/
- Published: 2026-01-26T09:55:06.000Z
- Updated: 2026-01-26T09:55:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Акча талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.**

Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү О.Г.О. тарабынан 3 000 доллар өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

> Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотууну убада кылып, К.у.О. аттуу жарандан 3 000 доллар акча каражатын талап кылган.

Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Араван райондук милициясынын тергөөчүсү С.Н.С. ортомчулук кылган.

Натыйжада 1 600 доллар акча каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.