> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта реестрге катталбаган объектке 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/26/talasta-rieiestrghie-kattalbaghan-obiektkie-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-01-26T04:36:04.000Z
- Updated: 2026-01-26T04:36:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерин текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Анын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Талас региондук башкармалыгынын инспекторлору Айтматов районунун Чоң-Кара-Буура айылынын четиндеги 78-контурда курулуп жаткан асфальт-бетон заводун текшеришти. Текшерүү учурунда объект курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы жана курулуш иштери 70%га аяктап, завод толук кандуу иштеп жаткандыгы аныкталды.

> Аталган мыйзам бузуунун негизинде “Гранит Транс Сервис” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, курулуш объектин мыйзам талаптарына ылайык реестрге каттоо боюнча көрсөтмө берилди.

Ошондой эле Талас шаарындагы бардык курулуш объектилерин көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда.

Белгилей кетсек, курулуш реестри — мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү, курулуш объектилерин, долбоорлоочу жана куруучу уюмдарды, ошондой эле уруксат берүүчү жана долбоордук документтерди эсепке алуу үчүн арналган маалыматтык система болуп саналат.