> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен АКШ транс улуттук кылмыштуулукка каршы кызматташууну күчөтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/01/28/kyrghyzstan-mienien-aksh-trans-uluttuk-kylmyshtuulukka-karshy-kyzmattashuunu-kuchotot/
- Published: 2026-01-28T12:37:36.000Z
- Updated: 2026-01-28T12:37:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**КРнын Башкы прокуратурасында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана АКШнын Юстиция министрлигине караштуу DEA өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.** 

Башкы прокуратурадан билдиргендей, жолугушууда айрым кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү маселелери, анын ичинде өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби жана практикалык аспектилери талкууланды.

> Тараптар баңгизат каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө DEA менен түздөн-түз кызматташууну өнүктүрүүгө, маалымат алмашууну кеңейтүүгө жана компетенттүү органдардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транс улуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/01/2-5.webp)