> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда унаа сатуунун жаңы онлайн платформасы Tapcar.kg ишке киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/03/kyrghyzstanda-unaa-satuunun-zhany-onlain-platformasy-tapcar-kg-ishkie-kirghizildi/
- Published: 2026-02-03T09:42:40.000Z
- Updated: 2026-02-03T09:49:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

***Унаа сатуу жана сатып алуу үчүн бул жаңы платформа жарнаманы тез жарыялоону, ЖИ-жардамы менен аны түзүү жана ыңгайлуу издөөнү сунуштайт.***

Кыргызстанда **Tapcar.kg** жаңы автоунаа маркетплейси иштей баштады - бул жасалма интеллект технологиясын колдонуу менен унааларды ылдам жана ыңгайлуу сатуу жана сатып алуунун санариптик платформасы.

**Tapcar** аталышы сервистин мазмунун чагылдырат. Ал **кыргызча** “tap”-**“тап”** деген сөздөн жана англисче “car” – **“автоунаа”** деген сөздөн келип чыккан. Башкача айтканда, **“автоунаа табуу”** дегенди билдирет. Платформа жеке сатуучуларга да, автодилерлерге да арналган. Ал иштей баштагандан бери эле бюджеттик моделдерден баштап премиум сегментине чейинки ар кандай категориядагы унаалар үчүн **миңдеген жарнамалар жайгаштырылды.**

> *“Tapcar.kg жөнөкөйлүккө, ылдамдыкка жана ачык-айкындуулукка басым жасоо менен түзүлгөн. Биздин *максатыбыз* \- Кыргызстандагы онлайн автоунаа сатуу рыногун *жеткиликтүү кылып*, жарнамаларды жайгаштыруу процессин *жөнөкөйлөштүрүп*, жеке сатуучулар менен автоунаадилерлер үчүн кирүү *тоскоолдуктарын азайтуу* болуп саналат»*, - деп белгилешти долбоордун командасынан.

Автоунаа рыногуна кирүү үчүн татаал **катталуу талап кылынбайт** \- ага кирүү форманы толтуруусуз эле, **телефон номери аркылуу** жүргүзүлөт. Жарнамаларды жайгаштыруу **акысыз** жана жайгаштыруу **бир мүнөткө жакын убакытты талап** калат.

Санариптик платформанын дагы бир **негизги өзгөчөлүгү ЖИ-** технологияларын колдонуу. Бул технологиялар автоунаалардын сүрөттөмөлөрүн, түзүлүшүнүн мүнөздөмөлөрүн автоматтык түрдө **түзүүгө жана жакшыртууга,** ошондой эле жарнамадагы каталарды жана **так эместиктерди азайтууга** жардам берет. Ыңгайлуу издөө жана фильтр сизге ылайыктуу **сунуштарды тез табууга** мүмкүндүк берет.

Платформа мобилдик жабдууларга толук ыңгайлаштырылган [**веб-версияда**](https://tapcar.kg/), ошондой эле [**iOS**](https://apps.apple.com/ru/app/tap%D1%81ar-kg/id6756346154) жана [**Android**](https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.verdotech.tapcar) үчүн мобилдик колдонмо түрүндө жеткиликтүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/9ada8c65-de84-49d3-b5f4-74268c6aa337-1.jpg)