> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/04/batkiendie-balasyna-501-821-som-alimient-toloboghon-zharan-kamaldy/
- Published: 2026-02-04T03:40:19.000Z
- Updated: 2026-02-04T03:46:01.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Саясат

**Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн Ж.у. С. аттуу жаран сот чечими менен эки жылга эркиндигинен ажыратылганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кечээ маалымдады.**  
  
Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде карызкор Ж. у. С. баласы 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин 4/1 бөлүгүн төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай ал алимент төлөөдөн качып келген.  
  
2025-жылдын 1-сентябрына карата алимент боюнча карызы 501 821 сомду түзгөн. Ишти Баткен райондук соту карап, 2025-жылы 22-октябрда ага 2 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган. Жабыркаган тарап соттун бул чечимине макул болбой, жогорку сот бутагына кайрылган.

Баткен облустук соту 2-февралдагы өкүмү менен биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды жана карызкор А. у. Ж. эки жылга эркиндигинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Сот департаментинин [маалыматына ылайык,](https://www.azattyk.org/a/33363720.html) 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.