> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дизайнерлердин V республикалык көргөзмөсү өтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/04/dizainierlierdin-v-riespublikalyk-korghozmosu-otot/
- Published: 2026-02-04T12:48:35.000Z
- Updated: 2026-02-04T12:48:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**"Кыргыз Республикасынын дизайнерлер союзунун" коомдук бирикмеси маданият министрлигинин колдоосу менен 6-февралда Бишкекте дизайнерлердин эмгектеринен V республикалык жогорку окуу жайлар аралык көргөзмөнү өткөрөрүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусствосу музейинен билдиришти.**

Бул көргөзмө мейкиндигинде белгилүү профессионал дизайнерлер — жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгектери, ошондой эле декоративдик-кол өнөрчүлүк искусство, графика, керамика жана зергерчилик багытындагы студенттик иштер сунушталат.

Бул көргөзмө дизайн дүйнөсүнө кызыккан, бул жолдун татаал жана шыктуу башталышы менен таанышкысы келген бардык адам үчүн арналган.