> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 500 миң сом менен iPhone 15 уюлдук телефонун уурдаган адам кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/05/500-min-som-mienien-iphone-15-uiulduk-tieliefonun-uurdaghan-adam-karmaldy/
- Published: 2026-02-05T04:53:45.000Z
- Updated: 2026-02-05T04:53:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жогорку окуу жайларынын биринде жасалган чоң уурулукка шектелген жаранды кармашканын милициянын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 30-декабрында милицияга А.А. аттуу жаран кайрылган. Анын билдирүүсүндө саат болжол менен 13:45 чамасында белгисиз адам Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан жогорку окуу жайдын аудиториясына кирип, анын сумкасын уурдап кеткенин айткан.

> Сумканын ичинде 300 миң сом акча каражаты, 2 миң доллар жана **iPhone 15** уюлдук телефону болгон. Уурулуктан кийин шектүү окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 32 жаштагы У.Э. аттуу жаранды аныктап, кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.