> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба тармагы боюнча бирдиктүү терминдер сөздүгү даярдалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/07/aiyl-charba-tarmaghy-boiuncha-birdiktuu-tiermindier-sozdughu-daiardaluuda/
- Published: 2026-02-07T07:23:28.000Z
- Updated: 2026-02-07T07:23:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кичи залында айыл чарба тармагынын терминдер сөздүгүн түзүүгө арналган жумушчу отурум болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Жыйындын негизги максаты — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы багытындагы терминдердин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүгүн иштеп чыгуу. Бул демилге агрономия, ветеринария, ирригация жана кайра иштетүү тармактарындагы терминдерди бирдейлештирүүгө жана расмий документтерди даярдоону жеңилдетүүгө багытталган.

> Отурум министрдин биринчи орун басары Ж.К. Керималиевдин төрагалыгы астында өтүп, ага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Т.Ө. Осмоналиев катышты.

Иш-чарага тармактык илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, сунуш-пикирлерин билдиришти. Белгиленгендей, сөздүк жарык көргөндө айыл чарба адистерине, окутуучуларга жана студенттерге практикалык жардам болот.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-19.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/626609669_122202106700341273_4125717424355635001_n.jpg)