> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИИМ Ошто “Эмаком” компаниясынан жабыр тарткандар менен жолугушуу өткөрдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/07/iim-oshto-emakom-kompaniiasynan-zhabyr-tartkandar-mienien-zholughushuu-otkordu/
- Published: 2026-02-07T09:37:10.000Z
- Updated: 2026-02-07T09:37:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында “Эмаком” курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш-чарага Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков, тийиштүү кызматкерлер, компаниянын мурдагы директору Э.Р. Жусупов жана 80ден ашуун жабыр тарткан жарандар катышты.

> Жарандар компаниянын камактагы мүлктөрүн колдонуп курулуш объектилерин бүткөрүү, чыгымдарды өндүрүү, ошондой эле бир батирди бир нече адамга сатуу сыяктуу фактылар боюнча чара көрүүнү талап кылышты.

Министрдин орун басары бардык арыз-даттануулар толук текшерилерин, козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Курулуш объектилери текшерилип, аныкталган мыйзам бузууларга укуктук баа берилет.

> Ошондой эле компаниянын мурдагы директорунун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү боюнча да текшерүү жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/5.jpg)