> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда Жер мунапысын бекитүү боюнча тапшырмалар берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/07/zhalal-abadda-zhier-munapysyn-biekituu-boiuncha-tapshyrmalar-bierildi/
- Published: 2026-02-07T09:15:33.000Z
- Updated: 2026-02-07T09:15:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Жалал-Абад облусунун прокуратурасында областтык прокурордун төрагалыгы алдында жер мунапысын бекитүү боюнча иштерди жөнгө салууга арналган кеңешме өткөрүлдү. Иш-чара Президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы Жарлыгы №364тү ишке ашыруу маселелерине арналган. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.** 

Кеңешмеге райондук администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, ички иштер органдарынын жетекчилери жана жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын төрагалары катышты. Жыйында комиссиялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, кемчиликтерди ыкчам жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

> Мындан тышкары, жарандардын жер тилкелерин өз алдынча басып алуу аракеттерине жол берилбестиги жана мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликтер тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Кеңешменин жыйынтыгында прокурорлорго жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана Жарлыкта каралган чараларды аткарууну көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.