> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/11/ettin-baasyna-ubaktyluu-mamliekiettik-zhongho-saluu-kirghizildi/
- Published: 2026-02-11T10:13:18.000Z
- Updated: 2026-02-11T10:13:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 30-январындагы №3 «КРнын аймагында этке болгон бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругун аткаруу каралууда.**

*Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык,* аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан тийиштүү максималдуу баалар белгиленди:

| **Аймактар**      | **Уй эти** | **Кой эти** |
| ----------------- | ---------- | ----------- |
| Бишкек шаары      | 720 сом    | 710 сом     |
| Чүй облусу        | 740 сом    | 750 сом     |
| Нарын облусу      | 680 сом    | 680 сом     |
| Ысык-Көл облусу   | 700 сом    | 690 сом     |
| Талас облусу      | 685 сом    | 695 сом     |
| Ош жана Ош облусу | 720 сом    | 730 сом     |
| Жалал-Абад облусу | 700 сом    | 720 сом     |
| Баткен облусу     | 700 сом    | 700 сом     |

***Таблицада белгиленген максималдуу баалардан жогору сатууга убактылуу тыюу салынат.***