> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/15/kar-kochku-aldynda-kalghan-zharandy-izdoo-ishtieri-ulanuuda/
- Published: 2026-02-15T07:00:20.000Z
- Updated: 2026-02-15T07:00:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүнүн Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.**

ӨКМ маалыматына ылайык, кече издөөгө жалпы 55 адам тартылып, издөө иштеринин биринчи күнү 10 койдун, ал эми экинчи күнү 20 баш койдун тарпы табылган.

Белгилей кетсек, 12-февралда Суусамырдагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү 50 баш койду жана 59 жаштагы малчыны аты менен кошо басып калган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/01KHE6N36Y5ASD9HBSTWK10MMF.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/631719962_1228879746120297_1255982205898885774_n-2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/636620165_1228879756120296_6971360415539689719_n-1.jpg)

💡

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**