> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте мессенджер аркылуу 1 млн сомдой акча алдаган шектүүлөр кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/16/bishkiektie-miessiendzhier-arkyluu-1-mln-somdoi-akcha-aldaghan-shiektuulor-karmaldy/
- Published: 2026-02-16T07:39:43.000Z
- Updated: 2026-02-16T07:39:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын ИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгы мессенджерлерди колдонуп уюштурулган алдамчылык схемасын токтотконун билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-сентябрында белгисиз адамдар WhatsApp аркылуу өздөрүн УКМК, ИИМ жана Улуттук банктын кызматкерлери катары тааныштырышып, жабырлануучудан 988 миң сом өлчөмүндө акча алдап алышкан.

> Иш Биринчи Май райондук ИИБ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен тергелүүдө. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Э.Б. (1999) жана Д.С. (2005) аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жагдайларды тактоо боюнча кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

> ИИББ жарандарды сак болууга чакырат жана телефон же интернет аркылуу өзүн мамлекеттик кызматкер катары тааныштырган адамдарга акча бербөөгө эскертет.