> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте мыйзамсыз иштеген реабилитациялык борборлор жабылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/16/bishkiektie-myizamsyz-ishtieghien-rieabilitatsiialyk-borborlor-zhabyldy/
- Published: 2026-02-16T09:48:39.000Z
- Updated: 2026-02-16T09:48:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте мыйзамсыз иштеген "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборлорунун иши токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.**

Текшерүүдө борборлордун кызматкерлери бейтаптарды электрошокер менен кыйнап, байлап, обочолоп, физикалык жана психологиялык басым көрсөтүп келишкени аныкталды. Ошондой эле бейтаптарга колдонууга тыюу салынган күчтүү психотроптук препараттар табылды.

> Соттун чечими менен борборлордун директорлору жана кызматкерлеринин ичинен 7 адам кармалып, камакка алынды. Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" борборунда дарыланып жаткан эки бейтаптын өлүмү катталган.

Азыркы учурда айрым кызматтар тарабынан өлүмдүн бардык жагдайлары иликтенип, зарыл юридикалык чаралар көрүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/5-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/6-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/7-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/8.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/10.webp)