> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштарында убактылуу суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/16/kalys-ordo-zhana-muras-ordo-konushtarynda-ubaktyluu-suu-ochurulot/
- Published: 2026-02-16T12:37:21.000Z
- Updated: 2026-02-16T12:37:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**19-февралда турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Өчүрүү аймагы: "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" конуштары.

> "Калыс-Ордо" жана "Мурас-Ордо" суу алуучу жайларындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.