> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/16/kochkordo-7-2-mln-somduk-zhier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-16T09:12:18.000Z
- Updated: 2026-02-16T09:12:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кочкор районунда 7,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүдө 2012-жылы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конушта жайгашкан жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.

> Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.