> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/16/sary-kyz-zhana-argen-sigma-kyrghyzstan-turizminin-ambassadorloru-bolushtu/
- Published: 2026-02-16T10:48:17.000Z
- Updated: 2026-02-16T10:48:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган.

Меморандумдун алкагында:

> өлкөнүн туристтик маршруттары жана локациялары тууралуу контент даярдоо,

> блогерлердин пресс-турларга, эл аралык көргөзмөлөргө, форумдарга жана жарнама кампанияларга катышуусу пландалууда.

Фонд өз кезегинде амбассадорлорго маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Блогерлер болсо Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн аудиториясына таанытып, туризм тармагындагы демилгелерге активдүү катышмакчы.

> Меморандум 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Фонд белгилегендей, бул келишим Кыргызстандагы туризм менен медиа коомчулуктун кызматташтыгынын жаңы этабы болуп саналат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-5.webp)