> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/17/batkien-tany-riedaktsiiasynyn-imaraty-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-17T04:25:00.000Z
- Updated: 2026-02-17T04:24:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Баткен таңы" редакциясынын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында аталган редакциянын имараты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткенин аныктады.

> Такталгандай, 2010-жылдын январь айында объекттин стратегиялык маанисине карабастан "Баткен таңы" редакциясынын имараты 0,22 гектар жер тилкеси менен мыйзамсыз сатылып кеткен.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында объект мамлекеттик баланска өткөрүлгөн.