> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/18/ala-archa-mamliekiettik-zharatylysh-parkynda-zhany-asma-zhol-achylat/
- Published: 2026-02-18T07:13:04.000Z
- Updated: 2026-02-18T07:13:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди.**

Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда.

> “Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана капчыгайларын “Ала-Арчадагыдай” деңгээлге жеткиришибиз керек. Каракол шаарында жана Нарында “Салкын-Төр” долбоору ишке ашырылууда. Жалал-Абаддагы “Сары-Челек” коругунун базалык инфраструктурасы жакшыртылып, жолдору оңдолууда”, — деди Эрденет Касымов.