> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/18/mien-chiempion-riespublikalyk-kyshky-zharyshty-karakolduk-ospurumdor-zhienip-alyshty/
- Published: 2026-02-18T08:49:13.000Z
- Updated: 2026-02-18T08:49:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү.**

> *Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин* маалыматына ылайык, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган.

Аталган мелдешке **жалпы 110 спортчу** катышып, алты команда байге үчүн күч сынашып, анын жалпы байге фонду **600 000 сомду** түздү. Командалар Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунан келишти.

**Үч күнгө созулган** таймаштын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте **“Каракол №1”** командасы **эң жогорку упайды** топтоп - 220 000 сом өлчөмүндөгү баш байгеге ээ болду.

**Экинчи орунду** Нарын шаарынын **“Ала-Тоо” тобу** ээлеп, 170 000 сомго татыды.

**Үчүнчү орун** **Ысык-Ата районунун** Спорттук оюн жана кышкы түрлөрү боюнча өспүрүмдөрүнө ыйгарылып, команда 110 000 сом утуп алды.

**Төртүнчү орунду Каракол** шаарынын (50 000 сом), ал эми **бешинчи орунду** **Тогуз-Торо** районунан өспүрумдөрү (50 000 сом) багындырышты.