> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/18/oshtoghu-5-miektiepkie-750-orunduu-zhany-korpus-kurulat/
- Published: 2026-02-18T13:01:03.000Z
- Updated: 2026-02-18T13:01:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары жана бардык шарттары менен спорт залы каралат. Учурда жер казуу иштери жүрүп жатат.

> Азыркы тапта 2200дөй окуучу 1972-жылы курулган мектепте окуп жатышат. Жаңы салына турчу корпус бүткөрүлсө 1500 окуучу билим алуусуна шарт түзүлөт.