> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токтогулда кекиликтерге мыйзамсыз аңчылык кылгандарга 48,5 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/18/toktoghulda-kiekiliktierghie-myizamsyz-anchylyk-kylghandargha-48-5-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-02-18T05:22:12.000Z
- Updated: 2026-02-18T05:22:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ыкчам иликтөөнүн негизинде мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинен билдиришти.** 

Маалымат булактары аркылуу жарандардан түшкөн маалыматтын негизинде ошол эле күнү ыкчам иш-чара жүргүзүлүп, Токтогул РИИБине мыйзам бузуучуларды аныктоо боюнча кат жолдонгон.

> Рейддин жыйынтыгында Токтогул районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик ок атуучу куралсыз кармалып, пайдаланылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 263-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 12 500 сом айып салынды. Ошондой эле Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык 9 даана кекилик үчүн 36 000 сом өлчөмүндө доо эсептелди.