> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/19/ataturk-sieiil-baghyndaghy-myizamsyz-kurulghan-obiekt-diemontazhdaldy/
- Published: 2026-02-19T07:43:21.000Z
- Updated: 2026-02-19T07:43:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**

Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.

> Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-111.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-55.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-42.jpeg)