> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/19/bishkiektie-abany-bulghaghan-avtounaa-eelierinie-22-500-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-02-19T08:54:50.000Z
- Updated: 2026-02-19T08:54:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорттордон чыккан булгоочу заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрдү.** 

Ведомстводон билдиришкендей, рейддер борбор калаада атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануу деңгээлин төмөндөтүү максатында туруктуу негизде жүргүзүлөт.

> Текшерүүнүн жүрүшүндө үч автотранспорттон чыккан газдардын курамындагы булгоочу заттар нормадан 50%га чейин ашканы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренеси боюнча жеке жактарга 3 протокол түзүлүп, жалпы айып пулдун суммасы 22 500 сомди түздү.

Иш-чаралар айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана унаа ээлеринин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.