> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аравандын пияз жана сарымсак талааларына мониторинг жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/20/aravandyn-piiaz-zhana-sarymsak-talaalaryna-monitoringh-zhurghuzuldu/
- Published: 2026-02-20T09:34:29.000Z
- Updated: 2026-02-20T09:34:29.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Ош облусу боюнча башкармалыгы адистери Араван районундагы “Бирлик” үрөн чарбасынын талаасына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Аталган чарба 2025-жылдын күзүндө жогорку маржиналдуу жашылча өсүмдүктөрү болгон — пияз жана сарымсактын түрлөрүн сепкен. Тактап айтканда:

- Пияз – 1,20 гектар, “Свифт” сорту
- Сарымсак – 1,0 гектар, “Аталык агыш” сорту

> Учурда талаада биринчи азыктандыруу иштери жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Мониторинг көрсөткөндөй, сарымсактын орточо өсүшү 50 см, пияздыкы 20 смге жеткен.

Агенттиктин адистери билдиргендей, өсүмдүктөр агротехникалык талаптарга ылайык өстүрүлүп, 2026-жылдын түшүмүнө жакшы негиз түзүлүүдө.