> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/20/bishkiektie-24-fievralda-airym-raiondorunda-suu-ochurulot/
- Published: 2026-02-20T13:20:31.000Z
- Updated: 2026-02-20T13:20:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү.

> “ХБО” суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.