> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/21/ak-bosogho-konushunda-suu-bieruu-ubaktyluu-toktotulat/
- Published: 2026-02-21T08:02:53.000Z
- Updated: 2026-02-21T08:02:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү.**

> Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

"Бишкексууканал" - муниципалдык ишкана ишканасы тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.