> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/22/kok-zhardaghy-kurulush-kompaniiasyna-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-02-22T08:02:03.000Z
- Updated: 2026-02-22T08:02:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест ЖЧК компаниясына 200 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле курулуш объектисинде техникалык коопсуздук талаптарын сактоо жана кемчиликтерди жоюу тапшырылды.

Мындан тышкары, жабыркаган турак үйлөрдүн тосмолорун калыбына келтирүү үчүн компанияга 3 күндүк мөөнөт берилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптарынын сакталышын туруктуу көзөмөлдөп турары белгиленди.