> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/22/olkonun-bir-katar-ashuularynda-kar-kochku-tushuu-korkunuchu-bar/
- Published: 2026-02-22T05:55:09.000Z
- Updated: 2026-02-22T05:55:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.**

ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым) кирет.

Ошондой эле Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу, Ала-Бука–Каныш-Кыя (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка–Акташ, Сары-Таш–Дароот-Коргон–Карамык, Бишкек–Нарын–Торугарт, Арал–Миң-Куш жана Арал–Суусамыр унаа жолдорунда да кар көчкү коркунучу бар.

> Жолдордо кар күрткүсү жана муз тоңуу күтүлөт. Айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

Тиешелүү кызматтар абалды көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда тазалоо иштерин жүргүзөт. Айдоочулардан сактык чараларын сактоо өтүнүлөт.