> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу жаңы бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/bishkiektie-birimdik-kut-konushunda-280-orunduu-zhany-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-02-23T06:59:27.000Z
- Updated: 2026-02-23T06:59:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, санитардык түйүндөрдө кафель плиткаларын чаптоо жана фасаддык жумуштар аткарылууда.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 2 927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 гектарды түзөт. Аймакта 9 оюн аянтчасы каралып, айланасы бийиктиги 2,5 метр болгон темир тосмо менен тосулат.

> Имараттын функционалдык пландаштырылышы коопсуздук жана ыңгайлуулуктун заманбап талаптарына жооп берет. Биринчи кабатта 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, ашкана, медициналык кабинет, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, ошондой эле чарбалык жана техникалык жайлар жайгашат. Экинчи кабатта дагы 6 тайпа үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, бөлүм башчынын кабинети, музыка жана дене тарбия сабактары үчүн залдар, кампалар жана кошумча бөлмөлөр каралган.

Курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-76.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-63.jpeg)