> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/bishkiektie-ekologhiialyk-taza-zhashyl-taksi-dolbooru-plandaluuda/
- Published: 2026-02-23T12:19:10.000Z
- Updated: 2026-02-23T12:19:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат.

> Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган маанилүү багыт катары каралып, бул иш-чаралар мындан ары да ырааттуу түрдө улантылары белгиленди.