> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/bishkiektie-kurulush-obiektisi-200-min-som-aiyp-pulgha-zhyghyldy/
- Published: 2026-02-23T10:33:31.000Z
- Updated: 2026-02-23T10:33:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Текшерүүнүн жүрүшүндө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай курулуп жаткан объектте бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 9 кабаттуу имаратка кошо курулуп жаткан объектте жана жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайда техникалык коопсуздук эрежелеринин жана эмгекти коргоо талаптарынын бузулганы белгиленди.

> Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аурум Билдинг" ЖЧКсына карата текшерүү актысы түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш объектилеринде техникалык коопсуздук талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлөрүн билдирди.