> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/kyrghyzstandyk-zhoo-kuluktor-aziia-chiempionatynda-ekinchi-orundu-alyshty/
- Published: 2026-02-23T07:31:51.000Z
- Updated: 2026-02-23T07:34:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кросс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында экинчи орунду алышты.**

*Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин* маалыматына ылайык, 21-февралда **жеңил атлетика боюнча** КРнын улуттук курама командасы кросс боюнча **18th Asian Athletics Cross Country Championships Fukuoka 2026** аталышындагы мелдешке катышып, күмүш медаль багындырышкан. Мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өткөн.

Курама командада жөө күлүктөр - **Нурсултан Кенешбеков, Жусуп Сулайман уулу** жана **Тилекжан Жекшеналы уулу** 10 чакырым аралыкта чуркап, күч сынашкан.

**Биринчи орунду** **Япониянын** курама командасы ээлесе, **үчүнчү орунду Кытай** Эл Республикасынын курама командасы камсыздай алган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/aa7ca7b3-1be1-408c-947d-6fb1efca52ad-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/b3085ff0-9d40-4476-9e60-047a48d29c25.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/69849cdd-5895-4d77-bc1c-c8380a1ea2e4-1.jpg)