> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлектин 3 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/lieiliektin-3-mindien-ashuun-turghunu-taza-suu-mienien-kamsyz-bolot/
- Published: 2026-02-23T06:48:18.000Z
- Updated: 2026-02-23T06:48:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери аяктоо алдында турат. Жакын арада айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот, - билдирет Айыл чарба министрлигинен.** 

Инфраструктура кеңири жаңыртылып, жаңы таза суу сактоочу резервуарлар курулду, заманбап хлоратордук курулмалар орнотулду жана суу алуучу жайлар жаңыртылды. Жалпы узундугу 17 чакырымдан ашык магистралдык жана бөлүштүрүүчү суу түтүктөрү тартылды.

> Жаңыланган система санитардык талаптарга жооп берип, ишенимдүү жана туруктуу суу менен камсыздоону камсыз кылат, суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга жана узак мөөнөткө пайдаланууга мүмкүндүк берет. Объектти пайдаланууга берүү 537 кожолукту борборлоштурулган суу менен камсыздоо системасына туташтырууга шарт түзүп, калктуу конуштун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот.

Курулуш иштери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-129.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-62.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-51.jpeg)