> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/23/sokulukta-750-orunduu-zhany-miektiep-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-02-23T07:45:38.000Z
- Updated: 2026-02-23T07:45:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим берүүчү жай заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болуп курулат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.

> Курулуш иштерин Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп, башкы подрядчы катары "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы иш алып барууда. Учурда жер казуу иштеринин аякташы менен имараттын пайдубалын куюу этабы жүрүп жатат.