> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакыт Төрөбаев кызмат ордунан бошотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/24/bakyt-trobaiev-kyzmat-ordunan-boshotuldu/
- Published: 2026-02-24T10:33:01.000Z
- Updated: 2026-02-24T10:33:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.**

> Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич кызматынан бошотулду.

Тиешелүү Жарлыкка мамлекет башчысы тарабынан кол коюлуп, ал мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирди.