> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте "Аль-Бухари" кафесинин бир бөлүгү демонтаждалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/24/bishkiektie-al-bukhari-kafiesinin-bir-bolughu-diemontazhdaluuda/
- Published: 2026-02-24T11:18:14.000Z
- Updated: 2026-02-24T11:18:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Аль Бухари" кафесинин бир бөлүгүн демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Бишкек шаарында жер тилкелерин берүү боюнча комиссиянын чечимине ылайык, ижара келишими токтотулган. Ушуга байланыштуу объектти бузуу (демонтаждоо) чечими кабыл алынган.

> Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 340 чарчы метр муниципалдык жер аянты бошотулат.

Демонтаж иштери жер пайдаланууда тартип орнотуу жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.