> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта милиция кызматкери 100 миң сом пара талап кылып кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/24/talasta-militsiia-kyzmatkieri-100-min-som-para-talap-kylyp-karmaldy/
- Published: 2026-02-24T05:59:53.000Z
- Updated: 2026-02-24T05:59:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**УКМКнын маалыматына ылайык, Талас облусунда милиция кызматкери Т.Р.З. пара талап кылган учурда кармалды.**

Маалыматка караганда, ал узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, акча талап кылып келген.

> 21-февралда УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сомун алып жаткан учурда кармалды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-10.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-11.webp)