> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/25/bishkiek-shaarynda-kuch-olchoghuchtor-alynuuda/
- Published: 2026-02-25T13:36:23.000Z
- Updated: 2026-02-25T13:36:22.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды.

> Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат алуу милдеттүү.

Бул иш-чаралар жер пайдалануу тармагында тартипти камсыз кылуу жана шаар аймагын көрктөндүрүү максатында жүргүзүлүүдө. Ушундай эле рейддер жана демонтаж иштери башка райондордо да улантылат, - деп айтылат маалыматта.