Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукциялар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү 405 литр спирттин өзгөчө жыты бар суюктук, 124 даана кант камтыган суусундуктар аныкталган.

Ошондой эле "Выбор Востока" соода түйүнүндө акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 248 даана алкоголдук продукция, 7 даана энергетикалык суусундуктар, 266 даана шире табылды.

Аныкталган фактылар боюнча рейддик салык контролунун тиешелүү актылары түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы акциздик продукцияны акциздик маркасы жок жүгүртүү салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.