> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Баткенде 25 млн сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашты
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/25/byltyr-batkiendie-25-mln-somduk-infrastrukturalyk-dolboorlor-ishkie-ashty/
- Published: 2026-02-25T10:14:01.000Z
- Updated: 2026-02-25T10:14:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев 2025-жылы Облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоорлордун ишке ашырылышы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.**

Берилген маалыматка ылайык, өткөн жылы аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга жалпысынан 25 млн 401 миң 750 сом бөлүнгөн. Каржылоонун алкагында бир катар маанилүү иштер аткарылган.

> Тактап айтканда, Сүлүктү шаардык ооруканасынын жылытуу системасы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынын тазалык ишканалары жаңы атайын техникалар — заманбап көчө тазалоочу унаалар, оор жүк ташуучу КаМАЗ жана эвакуатор-манипулятор менен камсыз болду. Самаркандек айылындагы №34 лицейдин имараты оңдолуп, Раззаков шаарынын Ак-Булак жана Алтын-Бешик айылдарындагы ички көчөлөргө асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, Баткен облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына авариялык-куткаруу унаасы жана атайын жабдуулар сатылып алынды.

Ошондой эле ишкерликти өнүктүрүүнү колдоо максатында төрт ишкерге 5 жылдык мөөнөткө, жылдык 2%дык үстөк менен жалпы 18 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилди.

Текшерүү учурунда Бактыбек Токсонбаев аткарылган иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруп, социалдык-экономикалык маанидеги мындай долбоорлор 2026-жылы да ырааттуу улантыларын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-11.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-12.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-5.webp)